Шоу Бизнес KG
KG Шоу-Бизнес
_______________________________________________
Самара Каримова айылдыктарга 15 миллион сомго соопчулук көрсөттү.
Көп балалууларга кир жуугуч машина берди
Эстрада ырчысы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Баткен Лейлек айылдарындагы 200 үй-бүлөгө соопчулук жардам көрсөткөнүн 20-майда фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Аллахым буйруса Баткен Лейлек Тажикистан менен чектеш айылдарга 1 500 000 сомдук ГУМЖАРДАМ таркатабыз.
Чегарада жашаган бир туугандар мен үчүн БААТЫРЛАР! Кайрымдуулук акциямды колдогон КАНЫБЕК акебизге Аллахым ыраазы болсун! Список бар буйруса ар бир жардамды өз колум менен таркатып чыгам.
Ун күрүч шекер май көп балалуу үй-бүлөлөргө кир жуугуч машина.
Кылган сооп иштерибизди Кудайым кабыл кылсын ылайым! Ыйык Рамазан айыңыздар менен!
Буйруса видео менен бөлүшөм!
200 үй-бүлөгө даярдалды! деди ырчы.
_________________________________________________________________
Айзада Жамгырчиева Анжеликанын жаңы особнягына чачыла чачты
_________________________________________________________________
Динара Акулова: Бек Борбиев:Сен бул ырды ырдай албайсың-деген
Мен бир концертке катышып жаңы ыр ырдашым керек болуп калды.
Бирок менде жаңы ырым жок эле.
Анан Бек Борбиевге кайрылдым: Мага жаңы ыр таап бербесең болбойт.
Ал концертке сөзсүз катышып ырдашым керек бирок ырым жок-дедим.
Анан Бек: Менде бир бир ыр даяр турат бирок ал ыр сизге туура келбейт-деп айтты.
Мага угузчу-деп сурандым.
Чындыгында бул ыр менин үнүмө туура келбеген ыр экен.
Эркек кишинин үнү менен ырдалса аябай жакшы чыга турган.
Ырдап көрөюнчү-десем Сен бул ырды ырдай албайсың-деди.
Мен болбой атып ырдадым.
Куплети ылдый кайырмасы бийик ырдалыш керек болчу.
А мен тескерисинче куплетин бийик кайырмасын ылдый ырдагам.
Анан Бек мага келип: Азамат! Кантип ырдадыңыз? Мен сизди ырдай албайт деп ойлогом-деди.
Мына ошентип ушул күнгө чейин Ак көпөлөктү ырдап келе жатам.
Бул ырды нечендеген сахналарда ырдадым.
Элге да жаккан окшойт.
Көпчүлүк жаштар ырдап калышты.
___________________________________________________________________
Источник: rutube.ru