Текст: Өмүр
Жаралдың кандай өмүргө
Жараткан барбы көңүлдө.
Тирүүлүк жолун улаган
Ырдайлы Өмүр жөнүндө.
Төгүлбө өмүр төгүлбө
Ар күнү ойно төрүмдө.
Жүз жашка жетип жашайлы
Буйрусун аны көрүүгө.
Кайырма:
Жакшыдан жашыл бак калып
Жарааттан жүрөк так калып.
Мезгилдин улам төрүнөн
Барабыз чоогу аттанып.
Жараткан берген белеги
Денеме өмүр шеригин.
Сен барда жыргап жашайын
Бир күнү таштап кетерим.
Мезгилиң жетсе кезеке
Турарсың бир күн бекетте.
Бекитти берген кол өтө жакшы
Өмүргө ошол береке.
Кайырма:
Кыргызча Жаңы жанга жагымдуу Ыр клиптердин баары биздин К.T.K.М.M.
YouTube каналында
Катталабыз достор!
Лайктарга ыраазычылык ЧООҢ Рахмат
Каналга Ссылка:
Кыргыз the Kyrgyz Медиа Media YouTube каналы
Источник: rutube.ru